helicopte prepares for training emergency aromedical evacuation course
avia-care2

Медициналык эвакуациясы

Санитардык вертолетту шашылыш чакыруу же оорулууну ташуу үчүн самолетту заказ кылуу өмүрдү сактоого жардам берет. Аба медициналык эвакуациясы – жабыр тарткандарды ооруканага жеткирүүнүн эң ылдам ыкмасы.

 

Жабыр тарткандарды эвакуациялоо үчүн медициналык аба кемелерин жана оорулууларды сиздин шаарта ташууну сунуштайбыз, керектүү клиникага чет өлкөгө рейстерди уюштурабыз. Чакырууу сайт аркылуу же телефон боюнча жасаңыз. Вертолет дароо учуп келет.

 

Медициналык вертолет менен шашылыш эвакуациялоо качан талап кылынат?

 

  • Травмалар, коркунучтуу жаракаттар, химиялык жана термикалык күйүктөр, сыныктар.
  • Өмүргө маанилүү органдардын же кан тамырлардын жаракат алуусу, катуу кан агуулар.
  • Аң-сезимдин, дем алуунун, кан айлануу тутумунун бузулуулары.
  • Анафилактикалык шок.
  • Кант диабети учурундагы гипергликемия.
  • Каалагандай мүнөздөгү жан чыдагыч дене ооруксунуулары.
  • Тоңуп калуу, электр агыны уруусу.
  • Тумчугуу, эпилептикалык талма, өпкө шишиктери.
  • Гипертониялык криздер.
  • Башка адамдарга жана бейтаптын өзүнө коркунуч туудурган психикалык бузулуулар.
  • Уулануулар, перитонит.
  • Төрөт, кош бойлуулукту үзүү коркунучу.
  • Инсульт. Миокард инфаркты.
  • Тромбоэмболия.
  • Курч караган боор жана бөйрөк жетишсиздиги.

Медициналык авиация

Медициналык авиация чоң кишилерге гана эмес, балдарга дагы кечиктирилгис жардам көрсөтөт. Эгерде бөбөк жабыр тарткан болсо, токтоосуз реакция жасоо керектелет, анткени өсүп жаткан денеде бардык процесстер өсүп жетиле элек болот.

Балага медициналык аба кемесин шашылыш  чакыруу зарыл болгон абалдар – бул:

  • Калтырап-эстен тануулар.
  • Кома абалы.
  • Эпилептикалык талма.
  • Эстен тануу, шок абалы.
  • Кокусунан кармаган жүрөк-кан тамыр жетишсиздиги.
  • Кант диабети учурундагы гипергликемия.
  • Астма талмасы, стеноздун бардык түрү.
  • Өпкө шишиги.
  • 40 градустан жогорку дене табы, инфекциялык калчылдоо безгеги.
  • Суусуздануу, тынымсыз кусуу.

Аба эвакуациясы – бул дайыма эле оорулууларды ташуу эмес. Айрым учурда ал төрөтү башталып калган кош бойлуу аялдарга, отургучка байланган майыптарга дагы керек болушу ыктымал. Медициналык вертолет төмөнкү учурларда алмаштыргыс нерсе:

– кош бойлуулук татаалдашса,

– кокусунан кан агуулар башталса,

– урук тегерегиндеги суулардын эмболиясы,

– преэклампсии,

– баланы ара төрөө.

Accident
avia-care1
aviacare6
avia-care

Шашылыш жардам керекпи?

Аба кемесин азыр чакырыңыз! Контакттар сайтта берилген!

Мезгил-мезгили менен оорулууларды санитардык ташуу пландуу түрдө жүзөгө ашырылат. Эгерде жашаган өлкөсүндө кайсы бир оору дарыланбай турган болсо, анда бейтапты өнүккөн заманбап жабдуулары жана дары-дармектери менен клиникалар бар чет жактарга  ташып барышат. Көп учурда самолет менен ташуу төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлөт:

  • органдарды жана ткандарды көчүрүү,
  • онкологиялык ооруларды дарылоо,
  • офтальмологиялык, нейрохирургиялык операциялар,
  • арка жүлүнүн трансплантациялоо,
  • таканчык-кыймылдоо аппаратынын ооруларын дарылоо,
  • кардиохирургия,
  • каалагандай багыттагы, бейтап жашаган жеринде алар дарыланбай турган оор өнөкөт ооруларды айыктыруу.

Айрым учурларда менчик самолетторду бай адамдар кыйын эмес кырдаалдарда эле жалдашат, башка шаарда текшерүүдөн өтүү жана ден соолугун жалпы бекемдөө максаты менен. Медициналык туризм дагы жеке ыкманы жана жогорку деңгээлдеги сервисти талап кылат.

Медициналык эвакуация тууралуу чечимди ким кабыл алат?

– сактоо кызматтарынын кызматкерлери,

– жабыр тартуучунун өзү кырсык болгон жерден,

– оорулуунун туугандары,

– бейтаптын дарылоочу дарыгери.

Ташуунун түрлөрү

Санитардык авиация ташуулардын ар түрдү түрлөрүн түшүндүрөт:

Медициналык вертолетту жабыр тартучу турган жерге чакыруу – ооруканага жеткирүү.

Башка шаарга же чет мамлекетке дарылоо үчүн ташуу максатында менчик самолетту пландык ижарага алуу.

Калыбына келтрүү автоунаасы кириши үчүн жүк ташуучу самолетту заказ кылуу.

Авиакомпаниянын утурумдук рейси менен саякаттоо (кадимки самолеттун салонунда жатуучу орунду уюштуруу).

aviacare5
cargo4

Санитардык авиаташуунун варианттарынын бири керекпи?

AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы керектүү форматтагы аба кемесин берет жана саякаттоону башынан аягына чейин уюштурат.

  • Учуулар аймагы чексиз. Биз дүйнөнүн каалагандай чекитинен шашылыш эвакуациялоону жүзөгө ашырабыз. Вертолет тоолорго, топуракка, сууга, яхтага, муз бетине жана карга, имараттын чатырына коно алат. Медициналык самолеттор каалагандай маршрут боюнча дүйнөнүн керектүү клиникасына жөнөөгө даяр турушат.

 

  • Медициналык аба кемелери – мыкты вариант, качан жаткан оорулууларды ташуу талап кылынса. Самолеттор жана вертолеттор бортунда эң оор абалдагы бейтаптын өмүрүн кармап туруучу жана зарыл болгон учурда учуп бара жатканда операция жасоо зарылдыгына мүмкүндүк кылуучу өздүк реанимацияга, заманбап жабдууга ээ.

 

  • Медициналык рейсти уюштуруудан тышкары AVIAV TM (Cofrance SARL) компаниясы бейтап жана аны коштого адамдар үчүн визаны жана камсыздандырууну чет мамлекетке чыгуу учурунда жасашат, учууга керектүү адситиктеги дарыгерди сунуштайт, зарыл болгон учурда башка өлкөдөн адистин үйгө келүүсүн же аралыктан туруп кеңеш берүүсүн камсыздайт. Жаткан оорулууларды самолет менен ташуу саякаттоого карата каршы көрсөтмөлөр жок учурда жүзөгө ашырылат.

 

Кайсы учурларда медициналык аба кемеси – сактап калуунун жападан-жалгыз каражаты

 

  1. Эгерде жер бетинде жүрүүчү транспорт менен ташуу оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурса.
  2. Эгерде бейтап өтө оор абалда болсо жана убакыттын ар бир мүнөтү баалу учурда.
  3. Эгерде жабыр тартуучу тез жардам автонаасы жетпей турган жерде болсо (же ага өтө көп убакыт керектеле турган болсо).
  4. Эгерде кырсыктын масштабы аба транспортунун кошумча жардамын талап кылса.
  5. Каалгандай түрдөгү шашылыш эвакуациялоо учурунда: химиялык, радиациялык, гидродинамикалык авариялар ж.б.у.с.

Медициналык рейсти уюштуруу

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча оорулууларды аба менен ташуу – AVIAV TM (Cofrance SARL) ишмердигинин алдыңкы багыты. Медициналык самолет же вертолет менен саякаттоо талашсыз артыкчылыктарга ээ:

  • максималдуу ылдамдык,
  • медициналык бригаданын так жөнгө салынган иши,
  • оорулуу үчүн борттогу ыңгайлуу кырдаал,
  • купуялуулукту катуу сактоо,
  • учуулардын жогорку коопсуздугу,
  • жекече жүгүртмө – авиакомпаниялардын графигинен көз карандысыздык,
  • конуу үчүн жүйнөнүн каалагандай аэропортундагы уруксат,
  • керектүү профилдеги дарыгерди берүү: реаниматолог, фельдшер парамедик, нейрохирург, акушер-гинеколог, хирург, кардиолог,
  • салондогу заманбап медициналык жабдуу,
  • аэропортто бир дагы мүнөт кармалбоо,
  • аяр позитивдүү мамиле, ал оорулуунун айыгаарына ишенүүгө жардам берет.

Санавиация – бул жеткиликтүү заманбап сервис, ал бейтаптын жашоо шансын көп эсеге жогорулатат.

Эмнеге AVIAV TM (Cofrance SARL) кайрылуу керек

  • Медициналык авиациядагы 10 жылдык иш тажрыйбасы менен француз компаниясы.
  • Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жеткиликтүүлүк: биздин 117 өлкөдө өкүлчүлүгүбүз жана ыкчам байланышуу үчүн телефондордун түз номерлерибиз бар.
  • Учуулардын жүз пайыз коопсуздугу: AVIAV TM (Cofrance SARL) ардактуу эл аралык Wyvern Ltd., ARGUS International, Avinode уюмдарынын мүчөсү болуп саналат.
  • Чакырыктын заманбап сервистери: вертолетту онлайн заказ кылуу же биздин тез жардамга шашылыш чалуу – бир нече мүнөттөн кийин аба кемеси дароо учат.
  • Заказдын пайдалуу шарттары: вертолеттор үчүн эч кандай үстөк бааларсыз, – авиаброкер санитардык базалардын баасы боюнча иш алып барат.
  • Самолеттун керектүү моделин тандоо мүмкүндүгү (саякаттоого алдын ала даярданган учурда): ар түрдүү типтеги он иңдеген аба кемелеринен турган база.
  • Саякаттоонун жеке менеджерин сунуштоо.
  • Оор оорукчандарды ташуу «төшөктөн төшөккө» жүзөгө ашырылат.
  • Бардык маселелер боюнча колдоо көрсөтүүнүн күнү-түнү байланышы.
  • Бүткүл дүйнө жүзү боюнча клиникалар менен түз кызматташуу, каалагандай медициналык уюм менен шашылыш байланыш мүмкүндүгү.

AVIAV TM (Cofrance SARL) кайрылыңз – биз сөзсүз жардам беребиз!

aviacare7
cargo5